Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?
Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!" деген сөзү жаманбы?
Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган".
Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
"Эл уулу бол!" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.
Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!
Айым Айылчиева еще тексты
Видео
Айым Айылчиева(АИМА) - АК БАТА (Жолдошбек Мамажанов) Айым Айылчиева(АИМА) - АК БАТА (Жолдошбек Мамажанов). Айым Айылчиева .... это Кыргызстан а Айым из Кыргызстана ...
Сейчас смотрят
Айым Айылчиева - Ак Бата Niykee Heaton - Love Sosa (Acoustic Cover) Yakup Ekin - Unuta bilmek mi sen asla Неуловимые мстители - Погоня (минус) Король и Шут (КиШ) - Лесник (live Нашествие 2011) Юля Михальчик - А я теряю голову..Я жду тебя ИГОРЬ,прохладным утром,ночью и знойным днём,мелодия души,мелодия огня,любовью,верой,наполняя свою душу,не верь чужим словам,не убежишь... SvIt ft Eliaz Teos - Давай мы будем в бегах, закроют нас берега Игорь Корнилов - Не прогоняй меня Тина Кароль - Я все еще люблю,люблю как впервый раз,и за любовь твоя я отдала бы все на свете милый мой я с тобой НС - Путник милый (Анна Ахматова)
Оценка текста
Как вам текст?
1 out of 5
2 out of 5
3 out of 5
4 out of 5
5 out of 5
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1